• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ТЭЦке Бишкек шаардык кеңеши бара албай койду…

2 Бирдин айы 2018 15:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 02. 02. 2018. Govori.TV

Бишкек ТЭЦиндеги өткөн жумада болгон авариялык абал боюнча борбор шаарыбыз депутаттары үч жолу жыйынга чогула албай коюшту. Бул тууралуу Govori.TVга өздүк булактар билдирди. Анда белгилүү болгондой, өткөн бейшембиде шаардык кеңештин көпчүлүк депутаттары чукул сессия чакырып, абалды кароого камынышып бирок, төраганын айрым депутаттарга чалуусунан кийин сунуш кылып жаткан депутаттардын көбү айнып кетишкен.

“Андан кийин да бул маселе кайра көтөрүлүп, шаардык кеңештин 20дан ашык депутаты Бишкек ТЭЦиндеги абал менен жеринде таанышууга аракет кылып, бирок, ал аракеттери текке кетти. Андан соң 2-февралда түштөн кийин ТЭЦке бармак болушкан, бирок, “ТЭЦтин ишин иликтеген комиссиялардын аягына чыгып, ишканадагы жумуш ыргагы өзүнө келгенге чейин тосоолдук кылбоо”  чечимин кабыл алышыптыр”,-дейт бизге шаар башмарлыгындагы атын атагысы келбеген булагыбыз.

Ал эми Бишкек Шаардык Кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев болсо фракция лидерлери менен бирге 29-январда эле ТЭЦте болгонун, бирок, ишкана Бишкек шаарына карабагандыктан, авария боюнча шаардык кеңештин чара көрүүгө укугу жоктугун айтты. «Өзүбүзгө караштуу структарлардын ишин көзөмөлдөп, жылуулуксуз калган жарандарга жардам берүү боюнча аткарган иштерин көзөмөлдөп жаттык. Бирок, ТЭЦ «Электр Станциялары» ААКсына киргендиктен, бизидн ал боюнча баа берүү укугубуз чектелүү болду»,-дейт ал.

Эске сала кетсек, өткөн жумада Бишкек ТЭЦинде авария болуп, калк дээрлик төрт сутка жылуулуксуз күн кечирген. Азыр бул боюнча “шалаакылык” беренеси менен кылмыш иши ачылып, иликтенүүдө.

 

Количество просмотров: 17