• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ТЭЦтеги кырсык соцтармакты ызы-чууга салды

27 Үчтүн айы 2018 14:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.01.18.Govori.TV

26-январда «Электр станциялары» ишканасы саат 18.00дө Бишкектеги ТЭЦтин айрым жабдыктары убактылуу иштен чыккандыктан кубаты 340дан 154 мегаваттка төмөндөгөнүн кабарлаган.

Кыштын ызгаарында мындайды күтпөгөн шаар тургундары анын ичинде көп кабаттуу үйдө жашагандар өкмөткө, мэрияга нааразы болуп социалдык тармакка түрдүү пикирлерин жарыялашты.

Алгач калаа мэри Албек Ибраимов Facebook баракчасы аркылуу шаардыктарга кайрылуу жасап, жылуулук электр борборунда утурумдук өндүрүштүк көйгөй келип чыкканын айтып кырдаал 4-5 сааттын ичинде жөнгө салынаарын кошумчалаган.

Урматтуу шаардыктар жана коноктор!Бүгүн, 26-январда, кечки саат 18.00 до Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунда…

Опубликовано Албек Ибраимов Пятница, 26 января 2018 г.

Бирок абал жөнгө салынбагандыктан, калаа тургундары социалдык тармактарга үшүп жатышканын жаза башташты.

Шайырбек Абдрахманов аттуу колдонуучу болсо «суукка даярбыз деген убадалар кайда» деп суроо салган.

Үйлөрүн термометр менен ченегендер да четтен чыкты.

 

Дайырбек Орунбеков аттуу колдонуучу мэрге тийишип «Албек мырза, үшүп кеттик оор болбосо ТЭЦке отундан үч-төрттү таштаттырып коесузбу» деген.

Жылуулук берүү өтө азайып кетти. ТЭЦ аман эсен элеби? Жылуу күндөрү өтө деле ысыта жагып албай, суук күндөрү жакшылап…

Опубликовано Дайырбек Орунбеков Пятница, 26 января 2018 г.

«Окорачка» болуп калбасак болду» деген Назира Айтбекова да үйү жылыбай жатканын айтып нааразы болду.

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=10214175949859976&id=1450894586

Айрымдары «мындай суукка даяр болбогондон кийин тийиштүү мекеме жетекчилери кызматын таштап эле кетип калса болмок» деп жандары кашайган.

https://www.facebook.com/konkin.konstantin/posts/1273124612788222

Жайды жайлата чыгырык тээп, күздөтө шайлоо деп шайтан болгондор, кышка кам көрүүнү унутуп калып элдин эсин оодаргандар….

Опубликовано Мирбек Асаналиев Пятница, 26 января 2018 г.

Спутник

 

 

Количество просмотров: 17