• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Тегерек стол: Чек ара чырында талкаланган турак жайларды калыбына келтирүү кандай жүрүп жатат? (Түз эфир)

22 Тогуздун айы 202111:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-октябрда Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдан жабыркаган жарандардын жана бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өтүп жатат. Анда чек ара аймактарын, турак жайларды калыбына келтирүү процесси жөнүндө коомчулукка маалымдоо, компенсациялык сунуштарды иштеп чыгуу маселелери талкууланууда.

Коомдук талкуунун башкы максаты- Баткен облусунда жабыркаган чек ара аймактарын, турак жайларын жана үй чарбаларын калыбына келтирүү процесси жөнүндө коомчулукка маалымдоо жана компенсациялык сунуштарды иштеп чыгуу. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин ыйгарым укуктуу өкүлү, КР Акыйкатчысы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Долбоордун негизги максаты- мыйзамдарды өркүндөтүү жана жарандык коомду жандандыруу аркылуу турак жайга болгон укуктарын коргоо.

Мамлекет тарабынан кандай чаралар көрүлдү?

Баткен окуясынан бери дээрлик беш ай өттү, жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүү максатында Кыргызстан Түркия менен эки тараптуу келишимге кол койду. Макулдашуунун алкагында, Түркия жабыркаган жашоочулар үчүн Сип-панель курулуш материалынан 140 үй куруп берет. Бүгүнкү күнгө чейин Лейлек аймагында жашаган 98 тургун жаңы курулган үйлөргө көчүп кирди. Баткен районунда 40 үйдөн экөө гана курулган, калган 38 жаран туугандарынын жана кошуналарынын үйлөрүндө жашашат. Жергиликтүү мамлекеттик каттоо жана Архитектура башкармалыгы тарабынан тургундардын инсандыгын жана жарандыгын тастыктоочу, укук белгилөөчү (кызыл китеп) документтери калыбына келтирилген жана жаңы курулган үйлөргө курулушка уруксат берүүчү кагаздары берилген. Курулган турак жайлардын техникалык паспорттору экспертизанын жыйынтыгында берилет. Турак жайлары күйүп кеткен 140 үй-бүлө Президент С. Жапаровдун 27-28-августта болгон Баткендеги иш сапарында 100 миң сомдон алышкан.

Бүгүнкү күндө тургундардын чечилбеген бир катар маселелери бар:

  • Жаңы курулган үйлөрдүн сапаты;
  • Коопсуздук маселелери;
  • Электр энергиясынын тез-тез өчүүсү;
  • Талап-тонолгон баалуу буюмдарга жана мал жандыктарга болгон компенсация төлөмдөрүнүн кечиктирилиши; Чечим кабыл алуу процессинде тургундардын катышуусун жана маалымат алуусун чектөө.

Долбоор Сорос Кыргызстан Фондунун колдоосу менен каржыланып, Интербилим Коомдук Бирикмесинин Оштогу филиалы тарабынан ишке ашырылып жатат.

Эске салсак, 28-30-апрелде чыккан чыр-чатактын кесепетинен 36 жаран көз жумган, 140 үй-бүлөнүн турак жайлары өрттөнүп, 250дөн ашуун үй-бүлө талап-тоноого дуушар болгон. Мындан сырткары, жашоочулар жанжал учурунда укук белгилөөчү жана башка документтерди жоготушкан.

Количество просмотров: 69