• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

«Техникаларды алгандан кийин иштебейсиздерби!». Депутат ӨКМди сындады

25 Чын куран 2024 14:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңеште Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суу ташкындарынын кесепети жөнүндө маалыматы угулду. Анда депутат Сүйүн Өмүрзаков сел каптоодо адам өмүрү кыйылганын белгилеп, алдын алуу иш-чаралары жетишсиз болуп жатканын айтты.

“Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолунда жеңил унааны сел агызып кеткен. Ошол жерде эл тез арада уюшулуп, эки наристе менен бир аялды сактап калды. Тилекке каршы, унаанын айдоочусу каза болуп калды. Куткаруу иштерин жүргүзгөн адамдарда ыраазычылык айтыш керек. Биздин президентибиз Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүздөгөн техникаларды тапшырып жатат. Ошондо “адам өмүрү баарынан кымбат, техникаларды алып, адам өмүрүн сактагыла” деп тапшырме берген. Техника, кызматкерлер жетиштүү болсо ошо ыктымал сел жүрө турган жерлерге барып, постторду коюп, ары-бери өтүүдө жарандардын коопсуздугун карап туруш керек болчу. Сел жыл сайын жүрүп жатса, ал кайсы жерде болорун сиздер билесиздер да. Ошондой кооптуу жерлерге тез арада кызматкерлерди жөнөтүп, постторду коюш керек болчу да. Эгерде сел жүрүп жатса, так ошол жерде болуп, сактап калыш керек болчу. Техникаларды алгандан кийин иштебейсиздерби?! Ошол эле Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку жолунда ушундай коркунучтар бар экенин, биз канча жолу айтып, эскерткенбиз”, – деди Сүйүн Өмүрзаков.

Количество просмотров: 214