• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Текебаев Бельгияга элчи болот» деген маалымат калп болуп чыкты

24 Бирдин айы 2021 17:33 Бишкек Govori.TV

«Саясатчы Өмүрбек Текебаев Белгияга элчи болот» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу саясатчынын басма сөз катчысы Govori.TVга билдирди.

Маалыматка караганда, элчиликти мурдагы бийлик сунуштап, бирок Өмүрбек Чиркешович ал кызматтан баш тарткан.

Белгилей кетсек, буга чейин Өмүрбек Текебаев Бельгияга элчи боло тургандыгын жергиликтүү маалымат каражаттары президенттик аппараттагы өздүк булактарына таянуу менен жазышкан.

Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси кызматын 2019-жылдан бери Муктар Жумалиев аркалап келет.

Количество просмотров: 400