• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Текебаев vs Байсалов: Кайым айтыш соцтармак аркылуу уланды (видео)

18 Тогуздун айы 2021 10:46 Бишкек Govori.TV

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Балыкчы шаарында тойдон чыгып келе жатып, вице-премьер-министр Эдил Байсаловдун «Азаттыктын» эфиринде сынына жооп кайтарды:

“Эдил сен “Ата Мекен” партиясында сени ээрчий турган кишилер калбай калды дедиң, эми мен жооп берип коёюн. Азыр мен үйлөнүү тойдон чыктым, баланын атасы, кыздын атасы да “Ата Мекен” партиясынын колдоочулары. Ресторандын ээси да каза болуп калыптыр, ал дагы “Ата Мекен” партиясын колдоочу экен. Өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабаган жарандар ар дайым биз менен болушкан. Айрымдары турмуштук жагдайларга байланыштуу, өз тиричиликтери менен алек. Сен да бир кездери “Текебаевдин кишисисиң”- деген жемеге калгансың. Сен былтыр Жээнбеков тарапта, быйыл бул бийлик тараптасың”- деди Текебаев

Буга утурлай эле соцтармак аркылуу вице-премьер-министр Эдил Байсалов Текебаевдин билдирүүсүнө жооп берип, видеосун жарыялады:

“Өмүрбек Чиркешович, мен сизди терең сыйлайм. Мен сизге Текебаевдин доорунда жашап жатабыз деп айткам. Бул куттуктоо да, сыноо дагы. Анткени, сиздин дооруңуздун кесепети, жыйынтыгы көз алдыбызда да. Кандай жашап жатабыз, жаштарыбыз каякта? Кыргыздар каякта тентип жүрүшөт?” – деди Байсалов.

Количество просмотров: 3219