Кечээ соцтармакта «Ата Мекен» партиясынын агитациялык ролиги жарыяланып, анда кыргызстандык рэперлердин «Теке» деген ыры жаңырган. Ал эми бул ырдын аткаруучуларынын бири Бегиш өзүнүн Instagram баракчасына бир да партияга бул ырды колдонууга уруксат бербегенин жазып чыкты.
Белгилей кетсек, 2017-жылы Бегиш менен Баястан «Теке» деген ырын чыгарышкан. Анда жаштарга кыялыңа умтулуп, таза иштесең, эл менен бир болсоң максатыңа жетесиң деген ойлор айтылат.