Социалдык тармактарда Өмүрбек Текебаев добуш берген соң бюллетенин телефонуна тартып жаткандагы сүрөт тарады. Көпчүлүк жарандар Текебаев мыйзам буздубу деген суроо узатышууда.
Белгилей кетсек, бюллетенди сүрөткө тартууга мыйзам тарабынан тыюу салынган. Бул административдик жазага тартылып, 100 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салынат (10 миң сом). Мындай учурда шайлоочу добуш берүү укугунан ажыратылат.