Бишкек. 02.02.18.Govori.TV
«Ата-Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев абактагы камерасына коюлган видео байкоо үчүн БУУнун адам укуктарын коргоо комитетине арызданды. Бул тууралуу лидердин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова Govori.TV сайтына билдирди.
«Камерага видео байкоо коюу адамдын укуктарын түздөн-түз бузуу болуп саналат.» — дейт жактоочу Токтакунова.
Эскерте кетсек, өткөн жумада № 47 абакта мөөнөтүн өтөп жаткан «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камерасына видеобайкоо орнотууганы белгилүү болгон. Жаза аткаруу кызматы алгач аны саясатчыныны макулдугу менен анын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жайгаштырылганын билдирген. Бирок, ага партия лидери Текебаев уруксат бербегени аныкталды.
Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Александр Никсдорфдун айтымында, видео байкоо орнотуу үчүн эркинен ажыратылган жарандын уруксаты керек эместигин айтууда