Бишкек.26.08.2019.Govori.TV.
«Ата-Мекен» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкүл Чотоновдун бөгөт чарасын Биринчи май райондук соту 29-августа карайт. Бул тууралуу Govori.TVга Текебаевдин жактоочусу Таалайкүл Токтакунова билдирди.
Маалыматка ылайык, Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча материалдар баштапкы инстанцияга 23-августта келип түшүп, райондук соттун төрайымына киргизилген.
Эске салсак, 21-августта Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновдун ишин карап,буга чейинки чыккан соттук чечимдер жокко чыгарылып, жазык иш жаңы соттук териштирүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилсин деген чечим чыгарган.