• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Текебаев: Жапаров инаугурацияга чейин премьерликтен кетпесе мыйзам бузгандык болуп калат

14 Үчтүн айы 2021 12:41 Бишкек Govori.TV

«Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев маек берип, бир катар суроолорго жооп берген.

Алардын бири 10-январдагы шайлоодо алгы озуп чыккан Садыр Жапаровдун өкмөт башчылык ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү масалеси боюнча болду.

«Садыр Жапаров инаугурациядан кийин президенттик кызматка киришет. Анын ыйгарым укугу бүгүнкү конституцияга ылайык болуусу керек. Садыр Жапаров бүгүнкү конституцияны кармап, ушул конституцияны сактайм деп ант берет. Бүгүнкү конституцияда президенттик кызмат менен башка кызмат ошонун ичинде өкмөт башчылык келишкис, сыйышпайт деген принцип бар. Бир убакта 1 мүнөтпү, 1 секундбу ал экөөнү ээлебеш керек. Анткени ал конституцияны кармап ант берип жатканда баары бузулуп жатканы көрүнүп турат да. Менин жеке оюмча ал инаугурацияга чейин кызматынан кетүү керек, өкмөт мыйзамга ылайык көпчүлук коалиция тарабынан түзүлөт. Президент өзүнүн мыйзамга ылайык, өз ишин кылуусу керек. Ал эми Жапаров өзүнүн берген маектеринде анын кыялындагы мыйзамы кабыл алынып калгансып, өкмөт башчыны ким болоорун тандай элекмин деген пикирлерин айтып жатат», — деди ал.

Текебаев мындан сырткары эгер президенттик башкаруу системине ылайык жаңы Башмыйзам референдум аркылуу кабыл алынса анда парламентке кайра шайлоо эмес, таптакыр жаңы шайлоо өтөрүн кошумчалады.

«Садыр Жапаров айтты, демек келерки аптада жаңы Башмыйзамдын долбоору Жогорку Кеңешке келип түшөт. Учурда 80 депутатка кол койдуруп жүрүшсө керек. Жаңы Башмыйзамды референдум аркылуу кабыл алып, эгер ал өтчү болсо, ага ылайык шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, президенттин кол коюусу жана башка иштер менен жаңы парламенттик шайлоо октябрга барат. Азыртадан айтып койсок болот, кимдин парламенттик шайлоого барам деген амбициясы болсо, саясий күчтөр дагы, октябрга даярданса болот. Жок, өткөнкүдөй шаштырып, күчкө салып өткөрөбүз десе деле бардык процедурадан өткүчө парламенттик шайлоо августка, аптаптын мээ кайнатып турган маалына барат. Андай учрда шайлоо өткөрүү элге да, талапкерлерге да ыңгайлуу эмес»,- дейт Текебаев.

Эске салсак, шайлоого байланыштуу премьер-министрлик ыйгарым укуктарын токтоткон Садыр Жапаров аталган кызматка кайтып келбей турганы айтылган.

«Инаугурациядан кийин ал расмий түрдө премьер-министрлик ыйгарым укуктарынан баш тартат. Азырынча премьер-министрдин милдетин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарып турат», — деп билдирген өкмөттүн басма сөз кызматы.

Премьер-министр Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн 2020-жылы 14-ноябрда убактылуу ыйгарым укуктарын токтоткон. 10-январда ал шайлоочулардын 79 пайыз добушуна ээ болуп, жеңишке жетишти.

Количество просмотров: 379