Бишкек.22.12.2018.Govori.TV
Бүгүн, 22-декабрда Улуттук кардиология борборунда дарыланып жаткан «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди туулган күнү менен саясатчылардын жоон тобу куттуктап барышты. Ал жерден дээрлик кыргыз саясатында башы көрүнгөн кадыр барктуу адамдардын барын көрүүгө болот.
Алар ар бири саясатчыга чексиз урмат көрсөтөөрүн айтып, каалоо тилектерин билдирип жатышты. Куттуктагандардын ичиненен Текебаев менен «Кандай брат?»-деп учурашкан Камчыбек Ташиевдин каалоосу өзгөчө болду.
Ал «Өмүрбек Чиркешович, туулган күнүңуз кут болсун! Баары жакшы болот. Сиз биздин жол башчыбыз болуп, көп нерсени үйрөттүңүз эле. Эркиндикке чыгып калсаңыз дагы да көп нерсе үйрөтөсүз деп ойлойбуз. Башкысы ден-соолугуңузду жакшы караңыз. Менин оюмча, өлкөнү отуруп чыккандар башкарбаса болбой калды окшойт», — деди Ташиев.
Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев «Орусиялык ишкерден 1 миллион доллар пара алды» деп айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Өмүрбек Текебаев бүгүн, 22-декабрда 60 жашка толду.