• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Текебаевдин ишин кайра кароо өтүнүчү Жогорку cотко берилди

15 Бирдин айы 20199:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.02.2019.Govori.TV.

“Ата-Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо өтүнүчү Жогорку cотко берилди. Бул тууралуу “Адилет” укуктук клиникасынан билдирди.

Маалыматка ылайык, өтүнүч  жаңы жагдайга, Кылмыш-процессуалдык кодекстин ишке киргенине байланыштуу берилди. Акыркы чечимди Жогорку сот кабыл алгандан кийин ошол жакка кайрылдык. Эми алар Биринчи май райондук сотуна жибериши мүмкүн. Бирок бизде андай малымат азырынча жок.

Өткөн айда президенттин алдындагы ырайым кылуу маселелер боюнча катчылык коррупцияга айыпталып, сегиз жылга соттолгон Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү боюнча экс-президент Роза Отунбаева жана парламенттеги алты фракциянын лидерлеринин кайрылуусун кароодон баш тарткан. Катчылык айыпталуучу өзү ырайым сурамайынча, иш каралбай турганын билдирип келет. Өмүрбек Текебаев болсо мындай кадамга барбасын билдирген.

“Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга кесилген. 

Количество просмотров: 12