• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Текебаевдин митингдеги “Атамбаевдин провокатору” делген адам милицияга арызданды

24 Чын куран 201914:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.04.2019.Govori.TV.

23-апрелде өткөн митингде “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы жетекчиси Дүйшөнкул Чотоновдун тарапташтарын түрткүлөп, микрофон талашакан “Атамбаевдин провокатору” делген адам укук коргоо органдарына арызданды.

Белгилей кетсек арызданган адам Гүлжигит Исаков болчу. Ал Түркияда окуп азыр Бишкекте жеке компанияда иштейт.

Гүлжигит Исаков Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин атына арыз жазган. Ал укук коргоо органдарына Кара-Кулжада жашаган ата-энесинин үйүн мыйзамсыз түрдө тинтип чыгышканын айткан. Бул тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгы билдирди. 

Ички иштер башкармалыгы укук коргоо органдары Гүлжигит Исаковдун бир туугандары менен жөн гана маектешкенин, үйүндө тинтүү жүргүзүлбөгөнүн айтты. Бирок, арыз катталып, сотко чейинки текшерүү иши жүзөгө ашырылат.

Количество просмотров: 15