• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Текебаевдин жактоочулары Башкы прокуратурага кайрылды

19 Чын куран 201915:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.04.2019.Govori.TV.

«Ата Мекен» партиясынын камактагы төрагасы Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары саясатчынын ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгуу боюнча Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

«Башкы прокурор өткөндө депутаттын суроосуна жооп берип жатып «биз Текебаевдин ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап чыгууга даярбыз» деп айткан. Ошонун негизинде бүгүн биздин адвокаттар жаңы ачылган жагдайлар боюнча Башкы прокуратурага кайрылды. Ал жерде Текебаевдин ишин биринчи барактан баштап кайра карап чыгууга беш жагдай бар», — деди Шыкмаматов.

Эске салсак, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов прокуратура Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгууга даяр экенин 17-апрелде Жогорку Кеңеште билдирген билдирген.

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон. Алардын адвокаттары 2018-жылы ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, бирок Башкы прокуратура андан баш тарткан.


Количество просмотров: 15