• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Текебаевдин жактоочулары дагы эсептеп жатат

24 Үчтүн айы 2019 16:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.01.2019. Govori.TV

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев жатак абакка 2020-жылдын 10-февралында которула тургандыгын ЖАМК айтып чыкты. Ал эми бул тууралуу Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтоканува мындай дейт:

 “Биз азыр мыйзамды карап, буга чейин кандай шарттарда колдонулганын карап жатабыз. Бары такталган соң кененирээк маалымат беребиз”,-дейт Токтоканова.

Кошумчалай кетсек, “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев жатак абакка 2020-жылдын 10-февралында которулат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров билдирди.

“Камакта отургандардын мөөнөтүн эсептеген атайын бөлүм бар. Алар камактагылардын күнүнөн, саатынан бери санашат. Эгер мөөнөтүнөн ашык отуруп калса, адамды мыйзамсыз камакта кармоо болуп эсептелет. Ошондуктан кылдаттык менен эсептелет. Мага кат жүзүндө да, оозеки да айтып көп адам кайрылат. “Отурган мөөнөтүбүздү карап бергиле. Туура эмес болуп жатат. Же жатак абакка которуп койгула” дешет. Ошолордун ичинде Текебаевдики да бар. Алардын мөөнөтүн санай турган адистер бизде гана бар. Жазаны аткарып жаткандыктан биздин эсебибиз туура болот. Эгер туура эмес болсо адистер мыйзамдын астында жооп берет”, – деди Жапаров.

Количество просмотров: 21