• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Атамбаев менен жактоочулары эмнеден коркуп жатышат?

9 Аяк оона 2019 18:35 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу сотко чейинки тергөө аяктаган. Ал эми ИИМ бул туурасында билдирүү таратып, Атамбаевдин жактоочулары атайылап иш менен таанышууну созуп жатканын айтышкан.
ИИМдин маалыматына ылайык, адвокаттарга иштин материалдары 30-августта эле бирилген, бирок 2-3-сентябрда адвокаттар ар кайсы шылтоону айтып, кылмыш иштин материалдары менен таанышуу үчүн келишкен эмес.
Ал эми Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев ИИМдин мындай маалыматына таң калганын айтып, иш менен таанышуу эмне себептен созулуп жатканын айтты.
Берилген убакыт жетишсиз болду деген жактоочу, иш менен таанышууга деп дем алыш күндөрдү да кошуп коюшканына нааразы болуп, 28 томду биз жөн эле окуп коюп тим болбойбуз да, анализдешибиз керек да деген пикирин айтты
Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен 26-октябрга чейин камалган.
Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шектелип жатканын билдирген.

Количество просмотров: 1994