• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Текебаевдин жактоочулары соттун чечимин жокко чыгарууну суранышты

27 Бирдин айы 201916:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.02.2019.Govori.TV.

Бүгүн Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгуль Токтакунованын кесилген мүлкүн Атамбаевдин пайдасынан алуу маселеси боюнча соттук отурум өтүүдө.

Анда жактоочулар соттун чечимин жокко чыгарып, ишти кайрадан жаңы жагдайлар менен карап чыгууну суранышууда.

Алардын айтымында башкы прокуратура Атамбаевдин макулдугусуз эле сотко берген. Мындай кадам мыйзамсыз делип, баш прокурор Жолдубаева кызматтык абалынын чегинен чыкканы белгиленди.

Мыйзамга ылайык экс-президент Атамбаев алгач макулдугун берип, андан соң гана жактоочуларды сотко берүү керек. Ал эми Атамбаев макулдугун бербегенин кошумчалашты.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларынын маалымат жыйында айткан маалымат чындыкка дал келбейт деп Атамбаев сотко кайрылган. Сот жактоочуларды Таалайгуль Токтакунова менен
Канатбек Азиз Атамбаевге 10млн сом төлөп берүүсү керектигин  чечкен. Таалайгуль Токтакунованын маянасы менен мүлкү камакка алынган.

Количество просмотров: 14