Бишкек.22.05.2019.Govori.TV.
Камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары жаңы ачылган жагдайлардан улам ишти кайра карап чыгуу тууралуу Жогорку сотко кайрылышты. Бул тууралуу Текебаевдин жактоочулары Таалайгүл Токтакунова жана Чынара Джакыпбекова «Govori.TVга» билдиришти.
Алардын айтымында, жактоочулар топтолгон маалыматтар менен прокуратурага кайрылышкан, Башкы прокуратура иш менен таанышып чыккан соң жактоочуларга Жогорку сотко кайрылууну сунушташкан.
Кошумчалай кетсек, адвокаттар 2018-жылы ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, Башкы прокуратура андан баш тарткан.
Эске салсак, «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон.