• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Текебаевге кечирим эмес, акталууга мүмкүнчүлүк керек!

4 Бугу 2018 16:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.05.2018. Govori.TV

“Абактагы Өмүрбек Текебаев Президенттен ырайым алып, боштондукка чыкканга макул эмес. Ал сот акыйкаттыгын талап кылууда”. Бул туралуу анын коомдук актоочусу Искен Афиджанов билдирди.

Анын айтымына караганда Кубат Оторбаевдин Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу боюнча Президетке жасаган кайрылуусуна саясатчы ыраазы. Бирок, ал өзүнө козголгон кылмыш ишин жаңы жагдайлар менен кайра башынан кароону талап кылып жатат.

Ошол эле маалда саясатчынын дагы бир акточусу Таалайгүл Токтакунова жаңы жагдайлар боюнча керектүү, негиздүү документтер даяр болгонун, болгону, Өкмөт үйүндөгү 306-бөлмөдө ким отурганы боюнча гана Президентти иш башкармалыгын башчысы Турусбек Коеналиевдин справкасы керектигин, ошол кагаздан кийин бул иштеги жетиштүү жаңы жагдайлар боюнча ишти кайра кароо өтүнүчү даяр болоорун  айтты.

Эске сала кетсек, буга чейин саясатчылар, депутаттар да саясий куугунтук менен камакка алынып, соттолгондордун иштери кайра каралуусу керектигин айтып чыгышкан. Президент Сооронбай Жээнбеков да Башпрокурор Өткүрбек Жамшитовду сунуштап жатканда адилеттүү болууга чакырган.

Количество просмотров: 6