• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Телефон чукулабай отуруңуз». Депутат суроосун укпай калган ИИМдин өкүлүнө нааразы болду

27 Үчтүн айы 2021 12:32 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жыйынында соцтармакта тараган мончодо зордукталган баланын тасмасы тууралуу маселе көтөрүлүп, депутат Айсулуу Мамашева ИИМдин өкүлүнөн бул окуя боюнча кандай маалыматтар бар экенин, кандай иликтөө иштери жүрүп жатканын сурады.

Суроо берип жаткан депутат Айсулуу Мамашева ички иштер министринин орун басары Мрлан Каниметовго нааразы пикирин билдирип, «телефон чукулабай отуруңуз маанилүү жыйында» деп эскертүү берди.

Ал эми ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов тасмадагы окуя Орусиянын Алтай облусунда болгонун бул тууралуу маалыматтарды буга чейин беришкенин айтты.

Буга Мамашева, “Ушул тасма тууралуу ар түрдүү маалыматтар айтылып жатат. Биринде Алтайда болгон дейт, биринде башкача айтылат. Ал видеодо бала кыргызча сүйлөп жатат, атайы алтай тилиндеги сөздүктү карап чыктым”, – деди Мамашева.

Каниметов окуя боюнча иликтөө жүргөнүн анын жыйынтыгы менен окуя Кыргызстанда эмес, Орусияда болгону такталганын айтты

Количество просмотров: 1014