• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Изилдөө: Телевизор көргөн жаштар азайып бара жатат

5 Чын куран 2018 14:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек.05.04.2018.Govori.TV
Калктын медиа сабаттуулугунун деңгээлин баалоо боюнча изилдөө 2017-жылдын 1-сентябрынан 30-ноябрына чейинки мезгил аралыгында “Сорос-Кыргызстан” Фондунун буйрутмасы менен калктын түрдүү тобунун медиа сабаттуулук деңгээлинин
баштапкы позицияларын (baseline) аныктап, медиа сабаттуулуктун деңгээлин жана мүнөзүн аныктаган тышкы чөйрөгө жана контекстине талдоо жасоо максатын көздөгөн изилдөө жүргүзүлгөн.
ТИзилдөөгө ылайык, телевидение ушул күнгө чейин көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн маалыматтын негизги булагы бойдон кала берүүдө. Кыргызстандыктардын 97,2% телевизорду күн сайын, аптасына бир нече жолу же айына бир нече жолу көрүшөөрүн айтышкан. Күн сайын телевизорду кыргызстандыктардын 75,3% көрөт. Телевизорду көргөндөрдүн пайызы 52 жаштан жогору курактагы аудитория арасында өзгөчө жогору. 24 жашка чейинки курактагы жаштар да телевизор көрүшөт, бул алар үчүн бош убакытты өткөрүүнүн жана көңүл ачуунун бир түрү: аны бош убактысы болсо үйүндө жана адатта үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү менен кошо көрүшөт. 24 жашка чейинки курактагы жаштар арасында ТВ көрүү активдүүлүгү мессенджерлерде өткөргөн убакытка салыштырмалуу сезилээрлик түрдө аз.
Бүгүнкү күндө жаштарды кошпогондо, калктын басымдуу бөлүгү үчүн телевидениеде жана гезиттерде медиа керектөөнүн эң популярдуу контенти болуп жаңылыктар саналат.
Жаштарды көбүрөөк көңүл ачуучу контент (музыка, тасмалар, сериалдар), ошондой эле спорт кабарлары кызыктырат.
Кыргызстандыктар музыкалык-көңүл ачуучу жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу максатында үйүнүн тышында же жолдо баратып радио угушат (46,0%). Барган сайын радиону смартфон аркылуу уккандардын саны да көбөйүүдө – 26,4%. Сурамжылоого катышкандардын 9,3% гана радиону компьютер аркылуу угаарын айтышкан.
Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча респонденттердин 71,8% Интернет тарамына
жеткиликтүүлүгү бар. Алар: мобилдик колдонуучулар жана Интернетке белгиленген
жеткиликтүүлүгү бар колдонуучулар. Респонденттердин үчтөн экиси күнүмдүк турмушта смартфон колдоно турганын айтышкан.
Количество просмотров: 31