Бүгүн, 8-июнда мурунку премьер-министр Темир Сариев Govori.TVнын түз эфиринде маек куруп жатып, «Чоң казат» тууралуу пикирин айтты.
Анын айтымында баардык айтылып жаткан сөздөрдүн баарын текшерсе болот.
«Жумалиевге айтып жатышат, сен мамлекеттик кызматта турганда алгансын деп. Эми аны текшерип койсо болот. Ал эми Жумалиевге карата ар кимдин ар түрдүү пикири бар экен. Ал эми кызмат учурунда мындай кылган же муну алган деп так көтөрүп чыккыла», деди ал.