• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Темир Сариев менен Аргынбек Малабаев жарашты

4 Жалган куран 201917:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.03.2019. Govori.TV.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев менен мурдагы транспорт министри Аргынбек Малабаев жарашты. Саясатчыларды жараштыруу боюнча парламенттин мурдагы спикери Медеткан Шеримкулов демилге көтөрүп, экөөнү маңдай-тескей отургузуп, жарашууга чакырганын «Азаттык» жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Темир Сариев менен Аргынбек Малабаев кол алышып, көкүрөк тийгизишип жарашкан.

Малабаев бул кабарды тастыктап, Сокулук районунун аксакалдары аларды жараштырганын айтты. Темир Сариевден комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Темир Сариев менен Аргынбек Малабаев мурдагы бийликтин тушунда Корумду-Балыкчы жолунун курулушу боюнча бирин-бири коррупцияга байланыштуу айыптап, кайым айтышкан. Көп өтпөй экөө тең кызматтан кеткен.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 20