• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Темир Сариев сабалган жан сакчысынын абалы тууралуу айтты

10 Тогуздун айы 2020 12:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-октябрда “Ала-Тоо” аянтында өтүп жаткан митингде саясатчы Темир Сариевдин жан сакчысы эсине келип, абалы туруктуу. Бул тууралуу маалыматты Govori.TVга Сариев тастыктады.

Анын айтымында, жан сакчысынын учурда ооруканада.

“Жан сакчымдын абалы туруктуу, ал ооруканада. Көптөгөн жаракаттарды жана мээси чайкалган. Учурда ал эсине келди”,-деди Сариев.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык түйүндөрдө башы кан болуп, жерде эс учун жоготуп жаткан адамдын видеосу тараган болчу.

Ал саясатчы Темир Сариевдин жан сакчысы экени маалым болгон, ал «Ала-Тоо» аянтындагы митинг учуруда чыккан чырда белгисиздер тарабынан сабалган.

Количество просмотров: 31771