• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Темир Сариев, саясатчы: “Атамбаев парламенттин үзүрүн үч жыл көрдү…”

18 Бугу 2018 17:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.05. 2018. Govori.TV

“Алмазбек Атамбаев парламенттин үч жыл үзүрүн жакшы эле көрдү, каалагандай колдоо тапты”. Бул сөздөрдү “Марал” радиосуна маек берип жаткан учурда мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев айтты.

“Башында, Ахматбек Келдибеков күчтүү спикер болуп, “Атажурт” фракциясы да чоң оппозициялык блок болуп, Алмазбек Атамбаев иштеше албай кыйналды. Бирок, кийинерээк ал кандайдыр бир ыкмалар менен парламентти өзүнө баш ийдирип алууга жетишти. Ал эми 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо ал ар бир партиянын тизмесин өзү көзөмөлдөр, өз адамдарын коюп алып келди”,-дейт ал.

Анын айтымында, азыркы парламенттин Президент Сооронбай Жээнбековго оңой ыктап кетишине да Атамбаев өзү себепчи болгон. “Ал былтыр эле “кийинки президент ким болбосун жөн иштеши керек, тескери кетсе, кыйын болуп калат” деп эскертүү берип, Президенттен кеткенден кийин деле бийликти башкара берээрин айтканда элде чочулоо пайда болуп калды. Ал бийликтен кетип, бирок, башкара берем дегени кандай болуп калат..? Кой, шайлаган президент эле өзү иштегени жакшы…” деген ой пайда болду элде. Ошондуктан, парламент да элдин көзүн карап туруп, президентке колдоо көрсөтүүдө”,-дейт ал.

Количество просмотров: 16