• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Темир жолдо адамды куткарып, эки бутунан ажыраган жигит жардамга муктаж

4 Үчтүн айы 2021 13:09 Бишкек Govori.TV

Жаңы жылдын алдында Тилек Жумабеков аттуу 25 жаштагы жаран темир жолдо адамды куткарып, жыйынтыгында поезд алдында калып, эки бутунан ажыраган. Бул тууралуу соцтармак аркылуу анын жакындары кабарлашууда.

Жумабековдун тууганынын айтымында, ал Бишкектеги №4 шаардык клиникалык ооруканада дарыланууда. Анын жакындарынын айтымында учурда Тилек өзүнө келе элек. Дарыгерлер ага жетиштүү кан куюлса, жашап кетүүсүнө 20% кепилдик берүүдө.

Ошол эле учурда жабырлануучунун үй-бүлөсү оор каржылык абалда экендиги жана дары-дармектин чыгымдарын жана алдыдагы операцияны көтөрө албай жатканы маалымдалды.

Ал эми ИИМ учурда кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатканын кабарлады. .

Тилек Жумабековдун үй-бүлөсү кыргызстандыктардан кан тапшырууну жана каржылык жактан жардам берүүнү суранат.

Жардам берүүнү каалагандар 0500014449 телефон номуру аркылуу байланышса болот.

Количество просмотров: 280