“Жүргүзүлгөн экспертизанын аягында эксперттин колу турат Семенова”-деп. Мен аябай таң калдым! Эмне үчүн? – деп. Юристердин айтымында экспертизага жөнөтөөрдөн мурун прокурор жазылган арыздын ээсин чакырып, “бул эмне үчүн жазылды?”, “кантип жазылды?”, “ким жазды?” “бул сөзддөрдү кандай түшүнсөк болот?” -деген сууроолорду мага берип туруп пикиримди угуш керек эле. Кантип кыргызча жазылган ырга орусча экспертиза жүргүзүлсүн. Бул убакка чейин көп эле куугунтукка кабылдым. Моралдык жактан чоң зыяндарды тартып келем.Мен чындык үчүн дайыма күрөшүп, бул нерсенин аягына чыгамын. Индира Жолдубаева жооп берсин! Жазган доо арызымдын жыйынтыгын күтүп жатамын, мен дагы өз укугумду коргоого милдеттүүмүн! Дагы сотко бере турган кишилерим көп. Аларды дагы катарынан сотко берем ”,-деди Темирлан Ормуков
Келиндүү кызыл ушул жан,
Кезинде каттуу кутурган.
Кылбай туруп кылмышты,
Кыйла жан торго тутулган.