• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Темирлан Ормуковдун дары-дармегине акча жыйналып жатат

12 Чын куран 2018 14:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 12.04.2018. Govori.TV

Учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурган көзү азиз акын, активист Темирлан Ормуковдун дары-дармегине 9 миңден ашык акча каржаты топтолду. Бул туурасында активист Адил Турдукулов Govori.TV сайтына билдирди.

«Азыркы тапта бул демилгени көтөрүп чыккан жарандык активист Рита Карасартова чогулган акчаны тергөө абагына алып кетти» дейт активист.

Белгилей кетсек, Темирлан Ормуков 29-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына чакырылып, камакка алынганы жатканда ичин устара менен тилип жиберген. Ал мындай кадамга өзүн куугунтуктоого каршылык иретинде барганын билдирген. Кийин ал “Кыргыз темир жолу” ишканасынын атайын ооруканасынын кардиология бөлүмүнө жеткирилип, дарыланган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 5-апрелде аны ооруканада жаткан жеринен колуна кишен салып алып кетип, №1 тергөө абагына камаган. Учурда ал абактагы оорукчандарга ылайыкташкан камерада отурат.

Темирлан Ормуковго жардам берүүнү каалагандар «Элсом» аркылуу 0707620484 номуруна акча которсо болот.

Сүрөт:Азаттык

Количество просмотров: 16