«Темиров Лайвдын» кеңсесинде тинтүү журүп жатат. «Темиров лайв» медиасынын негиздөөчүсү Болот Темировдун айтымында имаратка адвокатты киргизбей коюшкан.
Ал эми адвокат Улан Сейитбеков билдиргендей, ал окуя болгон жерге бир саат мурда келген.
«Алар мага тинтүү иштери жүрүп жатканын айтышты, бирок киргизбей коюшту. Ал жерде канча адам бар жана алар кандай аракеттерди көрүп жатканы белгисиз», — деди жактоочу.
Бүгүн, 16-январдын таңында «Темиров лайв» медиасынын азыркы жана мурунку бир нече журналистинин үйүндө тинтүү болуп, айрымдарын ИИМге суракка алып келишкен.