• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Тенгиз Бөлтүрүк 10-мартка чейин камакта калды

9 Үчтүн айы 2023 16:13 Бишкек Govori.TV

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүк 10-мартка чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Govori.TVга  Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 29-декабрында Октябрь райондук сотунда Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасын узартуу боюнча өтүнүч каралып, сот анын камактагы мөөнөтүн узартуу чечимин кабыл алган.

Эске салсак, август айында Кумтөрдө каржылык мыйзам бузуулар тууралуу белгилүү болгон. Башкы прокуратура “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүктү жана аны менен кошо жооптуу эки адис кармалган.

Количество просмотров: 120