• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Тенгиз Бөлтүрүк 10-ноябрга чейин абакта калтырылды

15 Аяк оона 2022 17:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингинин мурдагы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы каралып, 10-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакта калтыруу чечими чыкты.

Кошумчалай кетсек, Башкы прокуратура буга чейин “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүктү кармаган. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун ишин текшерүүдө, ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын кабарлаган.

Количество просмотров: 134