Бишкек.13.05.2019.Govori.TV.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Данияр Тербишалиев Бишкектеги Ош базарында жайгашкан «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесине жетекчи болуп дайындалган жана бул жер коррупциянын очогу болуп калганын айтып эми тазалоо иштери болоорун белгилеген.
Эми коррупция менен күрөшүп жатам деп тигүүчүлөрдү ары-бери калчап, өзүнүн мыйзамын орнотуунун үстүндө иш алып барып жатканын Govori.TV агенттигине өздүк булактар кабарлады.
Эске салсак, буга чейин «Кыялды» Султанбек Макашов жетектеп келген. «Кыялдын» айрым соодагерлери жана кол өнөрчүлөрү ишкананын жетекчилерин коррупцияга байланыштуу айыптап чыгышкан.