• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Терезесин караңгылаткан унаанын айдоочусуна айып салынды

11 Бештин айы 2020 9:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып алган айдоочуну кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-декабрь күнү милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып, болжол менен саат 16:30 чамасында Салиев көчөсүндө бара жаткан «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү авто унаанын терезелери караңгы болгондугун байкашып, текшерүү иретинде токтотушкан.

Текшерүү учурунда 1995-жылы туулган М.Ж. аттуу айдоочу авто унаасынын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып алгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча авто унаа айып короого токтотулуп, айдоочуга карата Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинин 129-берененин 3-бөлүмүнө ылайык протокол толтурулуп, 5500 сом айып салынды.

Количество просмотров: 235