• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстандагы жеке мектептер, бала бакчалар КР Президентине, ЖК төрагасына, МинКаб жетекчисине кайрылышты

13 Бештин айы 202412:06 Бишкек Govori.TV

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Урматтуу Акылбек Үсөнбекович!

Урматтуу Нурланбек Тургунбекович!

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы билим берүү тармагын реформалоонун зарылчылыгы жөнүндө Кыргызстан элине кайрылуусун бүтүндөй өлкө жана Кыргыз Республикасынын педагогикалык коомчулугу зор кызыгуу менен кабыл алган. Өлкөбүздүн келечегинин негизи болгон билим берүү маселелерине өлкө жетекчилиги көңүл бурганына ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Кыргызстандын билим берүү системасы көп жылдар бою оор кысымга кабылып, олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болгондугу баарыбызга маалым. Бул — демографиянын өсүшү, шаардык мектептердин жетишсиздиги, билим берүү сапатынын төмөндүгү, окуу китептеринин чечилбеген көйгөйлөрү, ар бир үчүнчү  мектеп окуучусу 14-15 жаш жашында эле мектептен кетип, айлык маянасы аз, квалификациясы төмөн жумушчулардын катарын толукташы. Сапаттуу билим берүү кызматын көрсөтүүгө аракет кылган жеке менчик билим берүү тармагы, кыйынчылыктарга карабастан, өлкөдө пайда болууда. Ар бир жеке менчик мектеп аз камсыз  үй-бүлөлөрдүн балдарына билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Жеке менчик мектептер жаңы имараттарда ачылып,  мамлекеттик мектептерге батпай калган окуучуларды да  окутуп келет.

Учурда өлкөбүз чындап эле мектеп менен бала бакчаларга муктаж. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, 600гө жакын мектеп жана 2500дөн ашык бала бакча өлкөгө жетишсиз. Жаңы мектеп менен бала бакчаларды куруу боюнча мамлекеттин эбегейсиз зор аракеттерин көрүп, колдойбуз. Бул көйгөйлөрдү чечүүдө жеке менчик билим берүү сектору мамлекеттин ишенимдүү өнөктөшү болуп, ушунусу менен бюджеттик каражаттардын миллиарддаган сомду үнөмдөйт.

2021-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынышы жеке билим берүү секторун өнүктүрүүгө зор колдоо  болгон.  Өлкөнүн тарыхында биринчи жолу мамлекеттик, муниципалдык жана жеке билим берүү уюмдары үчүн бирдей шарттар Конституцияда (46-берене) жарыяланган. Президенттин кайрылуусун жана Конституцияны ишке ашыруу үчүн “Билим берүү жөнүндө” жаңы прогрессивдүү мыйзам кабыл алынып, аны талкуулоого мамлекеттик жана жеке менчик мектептердин миңдеген мугалимдери тартылган.

Кыргызстанда жеке билим берүү тармагы эми гана өнүгүү жолунда турат. Учурда өлкөнүн жалпы мектеп окуучуларынын 4%дан азы жеке мектептерде окуйт. Ал эми көптөгөн өлкөлөрдө, орто эсеп менен  жалпы окуучулардын 15%-20%ы жеке менчик мектептерде билим алат. Бардык өлкөлөрдө жеке менчик мектептер билим берүү системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Алар мамлекеттик мектептерге окуучулар көбөйүп, батпай калган көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берет.

2021-жылкы Конституция жана “Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзамы жеке мектептерди өнүктүрүүгө жол ачканын эске албай, Министрлер Кабинети Жогорку Кеңешке киреше салыгы боюнча жеке мектептердин  жеңилдиктерин 2026-жылдан баштап алып салуу сунушун киргизгени бизди таң калтырды (Салык кодексинин 239-беренесине өзгөртүү киргизүү менен). Жеке мектептерге киреше салыгын киргизүү жеке менчик мектептердин абалын төмөндөтүп, көбү аргасыздан жабылып, окуу акысы жогорулап, жеке менчик мектептери көбүнө жеткиликтүү болбой калуусуна алып келет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жеке билим берүү тармагын ачкандардын жана анда иштегендердин 95%га жакыны аялдар. Жеке мектептер, бала бакчалар аялдардын ишкердигинин үлгүсүнө айланып, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө салым кошот. Салыктык жеңилдиктерин сактоо аркылуу жеке мектептерди колдоп, билим берүү тармагы менен кошо, өкмөт тарабынан бардык деңгээлде колдоого алынган аялдардын ишкердигин өнүктүрүүдө да маанилүү кадам болот. Жеке мектептерге киреше салыгы киргизилсе, аялдардын өнүгүү мүмкүнчүлүгү чектелип,  сапаттуу билимге жетүү камсызданбай калат.

Урматтуу Садыр Нургожоевич! Нурланбек Тургунбекович! Акылбек Үсөнбекович!

Жеке мектептердин салыктык жеңилдиктерин сактап, Салык кодексинин 239-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизбөө өтүнүчүбүз менен кайрылабыз. Билимди колдоо – бул Кыргызстандын келечегине инвестиция.

Урматыбыз менен,

Союз образовательных учреждений Ассоциация детских образовательных организаций, Общественный фонд «KG Analytics», Общественное объединение предпринимателей БПН (BPN), Объединение юридических лиц «Бизнес Ассоциация ЖИА», Общественное объединение «Женский Форум «Курак», Фонд развития предпринимательства среди женщин «She starts», Национальная инициатива «Билимдуу Кыргызстан», Общественное объединение «Психическое здоровье и общество», Учреждение «Центр регионалистики и развития», ОсОО «Образовательный центр «Career development», Учебно-воспитательный комплекс «Олимп», Международная школа инновационных технологий «ЭРУДИТ», ОсОО Базис Эдьюкейшн частная школа «Ньютон», УОК «Алтын Башат», УОО «Билим жолу», Учреждение «Ош Билим Ордо», Учреждение «Араван Билим Ордо», Академическая гимназия Калмаматова, Учреждение школа-комплекс «Звёздочка», ОК «Уникум», Учреждение ч/ш «Азия-Кембридж» г.Ош, УВК «Гарвард» г.Ош и г.Кадамжай, Образовательный комплекс «Илим», УОК «Эврика» г. Ош, Учреждение Общеобразовательный комплекс “Светоч плюс”, Учреждение Школа Классического Образования “Абитуриент”, ОФ «Наима», ОФ УВК «Взлет», ОЦ KIDS HUB ОК «Ай-класс», УВК «Школа грамотеев», ОУ «Грамотей», УОК «Точка роста», УВК «Smart School», УОК «Алтын – Эне», УОК ОШ «Премьер», ОсОО «Маленькая Золушка», Учур Эл Аралык мектеби, УОК «Малышок» г.Ош, ОсОО «Интерактивный образовательный центр «Май студио» г.Кант, Авторская школа комплекс Кыргызско-Шведская математическая школа, Учреждение Учебно-образовательный комплекс «Первая Академия», Образовательный комплекс гимназия « Эврика», УВК «Приоритет», ОсОО «школа Талант», ОУ «Школа Дипломат» г.Балыкчи, Международная школа «Ellipse» , Д/с «Умняшка», Кыргызско-Японская школа комплекс «Тенсай», Учреждение «Школа Сальсабиль», Учреждение Детский сад «Флиппер», Учреждение УВК «Гениус.Кейджи», Учебно-образовательный комплекс «Олимп» г. Ош, ОсОО «Юниор парк» ОсОО, ДОО «Антошка-Баракат», ДС «Винни Пух и его друзья», Начальная школа «Биринчи мугалим» г. Чолпон-Ата, Детский сад «Дети Про», Детский сад «Хэппи Лэнд», ОсОО Детский Сад «Кораблик и Ко», ОсОО ДС «Всезнайка», ОсОО ДС «Эрудайт Кидс», Учебно-воспитательный комплекс «Ак-Бала», ДС «EDU kids», ОсОО Детский сад «Планета Детства Кей Джи», ОсОО ДОК Баластан, УВК Школьная Академия Образовательный комплекс «Нуржан», Частная школа «Билим-Ош», Детский образовательный центр «Дино», Монтессори детский «Шамбала», ОсОО «Детский сад «Чудо Детки», Детский сад «АйдаЯ», Детский сад «ДИВО», Детский сад «Лунтик», Детский сад «Антошка 2», УВК «Школьная академия», ОсОО ДОЦЭВ «Лучик», Детский сад «Инсан кидс», ОсОО «ДОО Мамонтенок», ОсОО детский сад «Кораблик», ОсОО «АРТИМА», ОсОО ДС « Подрастайка», ОсОО «Балалык Тарбия», детский сад «Антошка плюс», Детский сад « Керемет», ОсОО детский сад «Киндерли», Детский сад «Eruditekids», Детский сад «Лунтик 2», детский сад «Золушка», Детский сад «Сириус», ОсОО «Клевер Приоритет», ОсОО « Фазерс Гарден», ОсОО «Фламинго Эду», ОсОО «Детский сад Радуга Плюс», Центр развития слуха и речи Ногойбаевой, ОсОО Монтессори детский сад «Синяя Птица», ИП Детский центр «Развивайка», ДОУ «Назик», ОсОО детский сад «Хэппи Бэби», ОсОО детский сад «Тоддлерс».

Количество просмотров: 384