• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Тергөө менен кызматташкан. Финполдун экс-башчысы Таиров тилкат менен абактан чыкты

18 Бирдин айы 2021 12:11 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын мурдагы төрагасы Бакир Таировдун бөгөт чарасын өзгөртүп, өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде абактан бошотту. Бул Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, анын бөгөт чарасы кечээ, 17-февралда каралган.

Эске салсак, сот 28-январдагы отурумунда Таировдун камактагы мөөнөтүн 2-апрелге чейин узарткан. Анын камактан чыгарылышына тергөө менен кызматташуу тууралуу келишим түзгөнү себеп катары көрсөтүлдү. Мындан сырткары айыпталуучу өлкө бюджетине 14 000 доллар акча каражатын төгүп бергени маалымдалды.

Буга чейин маалымдалгандай, Финансы полициясынын мурдагы төрагасы Бакир Таиров да казынага 20 миллион сом төгүп, жакында үй камагына чыгары айтылган.

Бакир Таиров 2020-жылы октябрдагы парламенттик шайлоо үчүн мамлекеттик мекемелерден акча чогулткан деген шек менен ошол эле жылы 10-декабрда кармалган.

Количество просмотров: 94