• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Термелген жатак баланын зээнин өстүрөт

25 Үчтүн айы 2019 16:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.01.2019. Govori.TV

Баланы терметкенде бат жана жакшы уктарын илгертен эле ата-бабаларыбыз айтып келген менен, бул илимде тастыктала элек болчу.

Англиялык «The Dayli Telegraph» гезитинде термелген жатакта уктаган балдардын уйкусу жана мээсинин иштөөсү жөнөкөй төшөктө уктагандарга караганда алдаганча жакшы экени тууралуу макала жарыялады.

Анда Швейцариянын Женева университетинин окмуштуулар тобу 18 өспүрүмдү сынамык изилдөөдөн өткөрүшкөн. Изилдөөнүн соңунда термелген жатакта уктагандар уйкуга бат кетип, мээнин иштөөсү калыпка түшүп, уйку арасында «микро ойгонуулары» дээрлик болбосун аныкташкан.

Ал эми жаткан жайларынын зээндерине таасирин байкоо үчүн өспүрүмдөрдөн уйкуга чейин үйрөнгөн сөздөрүн сурашканда термелген жатакта уктаганда барын эстешкен.

Изилдөөчү топтун жетекчиси доктор Лауренс Байэр жай термелип уктагандарда эч бир кыймыл көйгөйү кезикпегенин белгиледи.

Ошентип алар «Ылдамдыгы секундасына 2,5 см болгон жай термелген жатактар уйкунун тереңдигине, саламаттыгына жана мээнин жакшы иштешине өбөлгө түзөт» деген тыянакка келишти.

Эске салсак, көпчүлүк адамдар унаа, метро же учак сыяктуу кыймылдуу жайларда бат уйкуга кетип, узак убакытка ойгонбостон укташат. Бул жогорудагы корутундуну бышыктап турары да ыктымал.

Булак: “Марал” радиосу

Количество просмотров: 15