• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Терроризм жана экстремизм менен иш алып барган кызматкерлер үчүн «колдонмо» иштелип чыкты

2 Чын куран 2021 12:31 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы Бириккен Улуттар Уюмунун кылмыштуулукка жана наркотиктерге каршы күрөшүү башкармалыгынын программалык офиси менен бирдикте экстремизмге жана терроризмге байланыштуу иштерде соттук экспертизаларды дайындоонун жана жургузуунун маселелери боюнча укук коргоо жана сот органдарынын кызматкерлери үчүн Колдонмо иштеп чыкты.

Колдонмонун бет ачаары бүгүн, 2-мартта Бишкек шаарында өттү. Колдонмо соттук экспертизаларды дайындоо маселелери боюнча практикалык-методикалык жардам көрсөтүү максатында этностук, диний, аймактык кастыкты козутууга жана динге, социалдык, улуттук (этностук), аймакка же тилге тиешелүүлүгү жагынан жарандардын өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же кемдигин пропагандалоого байланыштуу иштердин материалдарына экспертиза дайындоо боюнча сунуштамалар берилет. Авторлор экстремисттик жана террористик чакырыктарга, ар кандай негизде кастыкты козутууга багытталган аракеттердин лингвистикалык, дин таануу жана психологиялык белгилерин ачып көрсөткөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын
Төрагасынын орун басары Табылды Матсаковдун айтымында бул колдонмо кызматкерлер үчүн өтө чоң жардамчы болот.

«Учурда 500 даана колдонмо басып чыгарылды. Алар өлкөнүн облустарына жиберилет. Колдонмо тергөөчүлөр, укук коргоо жана сот органдарынын кызматкерлери үчүн жардам катары иштелип чыккан. Терроризм жана экстремизм учурлары катталган учурда кандай кадамдарды кылуу жана аларды туура кылуу тууралуу көрсөтмөлөр берилген», — деп билдирди ал.

Колдонмодо экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүктү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздугуна коркунуч келтирген аракеттерди ачык актоого жана негиздөөгө багытталган материалдарды аныктоо боюнча эксперттик проблемалар талдоого алынган.

Количество просмотров: 162