• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тез жардамдын кызматкери бейтаптын күйөөсү менен мушташып кетти

20 Жетинин айы 2018 12:02 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.11.2018.Govori.TV.
Бишкекте Тез жардам кызматынын дарыгери менен эркек киши мушташа кетти. Бул тууралуу Бишкек милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Жерине милиция кызматкерлери барып, окуянын чоо-жайын аныкташты.
«Борбор калаадагы үйлөрдүн биринин кожойкесинин дене табы көтөрүлүп кеткендиктен, тез жардам чакыртышкан. Дарыгерлер келгенде аялдын күйөөсү «кеч келдиңер» деп доомат коюп, фельдшер экөө айтыша баштаган. Акырында экөө мушташа кетип жаракат алышкан»,— деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Аталган факты боюнча КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси («Ээнбаштык») менен кылмыш иши козголду.
Учурда Биринчи май райондук милициясына эки арыз түштү.

 

Количество просмотров: 31