• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тезек терип, чырак жагып калабыз. Жапаров электр энергиясынын жаңы тарифи тууралуу

27 Чын куран 2021 10:28 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров КТРК телеканалына берген маегинде электр энергиясынын тарифи эмне себептен өзгөрө турганын айтты.

Анын айтымында, 30 жылдан бери келе жаткан көйгөй – электр энергия тармагы.

“Айрыкча акыркы 10 жылдан бери электр энергия тармагына жумшайбыз деп карызга каражат ала бериптир. Бирок каражат ал жакка жумшалбай, көмөк чордондор, линиялардын таш-талканы чыгып калган. Азыр коомчулукта “Эмне үчүн мурдагылар уурдап кеткенин эл төлөшү керек, аларды төктүртбөйсүңөрбү?” деген суроолор айтылып жатпайбы. Ал жумушту аткарыш үчүн бир-эки жыл убакыт кетет. Текшерип, күнөлүүнү табыш керек”, — дейт президент.

Жапаров учурдагы электр энергиясынын тарифи өзгөрбөй кала турган болсо, эмдиги жылы Токтогул суу сактагычы иштебей токтоп каларын белгиледи.

“Анда Кыргызстан энергетикасыз калат. Баягы, тезек термей, чырак жакмай жашоого түшүп калабыз. Ошондуктан тарифти өзгөртүп жатабыз. Ошондой эле категорияга бөлүп, калыс чечкенге аракет кылдык. Мындан сырткары, шайлоо алдында Нарынга барганда жергиликтүү тургундар чектөөнү алып салууну суранышкан. Мен май, июнь айларында чектөөнү аларыбызды айткам. Бирок өздөрү тарифти 1 сом кылып, чектөөнү алып салгылачы деп айткан. Бул дагы эл менен талкууланат”, — деп айтат өлкө башчы.

Количество просмотров: 171