Бишкек.27.05.2019.Govori.TV.
Жаш ишкер Тилек Токтогазиев, Айыл чарба министри кызматын аркалоого даремети бар экенин, өзүнүн социалдык түйүндөгү жеке баракчасына жазып чыккан. Бул билдирүү коомчулукта колдоого алынып, Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов “Бир Бол” фракциясынын атынан Токтогазиевдин талапкерлигин сунуштай турганын билдирген.
Өз сөзүндө депутат, “Биз Айыл-чарба министрлигине жаш кадр Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин сунуштайлы деп чечтик. Жаңы көз караш, жаңыча ой жүгүртүү бул тармакты өнүктүрүүгө жол ачат”-деп айткан.
Социалдык желелерде Токтогазиевге карата жакшы пикирлер жаралууда. Көпчүлүгү аны “Кыргыздын тагдырын кылдаттык менен илимдүү, билимдүү, көп тил билген, таза уул-кыздарыбыздын колуна өткөрүп берегенибиз өтө маанилүү кадам”-деп айтышууда.
Агробизнесте өз жолун иш билгилик менен тапкан, күнөскана тармагын чыгармачылык менен өздөштүргөн жаш ишкер айыл чарба министрине барып калса, көлөмдүү долбоорлордүн үстүндө иштей тургандыгын кошумчалаган жайы бар.
Бүгүн эртен менен Тилек Токтогазиев, Govori.TV агенттигине Өкмөткө чакырылгандыгын кабарларды. Ал эми, күндүн экинчи жарымында болочоктогу минитср Govori.TVнын студиянын түз эфиринде конокто болуп, өзүнүн пландары менен бөлүшөт.
Тилек Токтогазиев 1990-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү.
Билими:2013-жылы Кыргыз-Россия славян университетин «эл аралык мамилелер» адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
Жаш ишкерлер ассоциациясынын, Кыргызстандын социалдык ишкерлер ассоциациясынын жана Бишкек ишкердик клубунун мүчөсү.
2017-жылы «Аракет — 2016» улуттук сыйлыгына «Жылдын эмгекчили» номинациясына татыган. Ошол эле жылы Президент Алмазбек Атамбаевдин колунан «Экономикага кошкон салымы үчүн» Ардак грамота алган.Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы.