• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Тиленбаева: Окуганга эч качан кеч эмес…

11 Бештин айы 2021 13:12 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиалык маалымат агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Ажаркүл Тиленбаева.

Ал Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылынан келген, Ж. Сатылганов атындагы орто мектептин мугалими.

«Кесибим мугалим, 37 жылдан бери мектепте иштейм. Анын 30 жылын мектеп директору болдум. Андан сырткары коомдук иштерге да аралашып келем. Бир нече жолу жергиликтүү кеңештин депутаты болдум. Ошону менен бирге аялдар кеңешинин төрайымы, мүчөсү катары жүрдүм.
Директор болуп иштеп жүргөндө мугалимдер менен биргеликте балдардын билим алуусуна бир топ эле салым коштук. Бир катар фонддор, айылга келген ар кандай долбоорлор менен иштеп, мектептин окуу шартын жакшыртуу максатында көптөгөн иштерди жасадык. Бул тренингден мен оратордук искусство, аялдардын коомдогу орду, саясий деңгээлин жакшыртуу, өстүрүү максатында кошумча тажырыйба топтоо үчүн келдим»,- деди ал.

Количество просмотров: 154