• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тиллаев: Кыргызстандан чыгарылган акчанын айынан «Дордой» менен «Кара-Суудагыларды» кыйнай башташты

27 Жетинин айы 2019 16:36 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандан чыгарылган акчанын айынан «Дордой» менен «Кара-Суудагыларды» кыйнай башташты. Бул тууралуу депутат Таабалды Тиллаев билдирди.

«Бажыдагы коррупция маселесин коомчулук өзү көтөрүп чыккандан кийин аны сөзсүз түрдө көңүлгө алыш керек. Парламент менен Өкмөт бул маселенин үстүнөн иштөөгө тийиш. Ал эми контрабанда бүгүн жаралып калган жок бүткүл дүйнөдө көп жылдан бери болуп келе жатат. Саясатта кандайдыр бир күчтөрдүн ушул маселени көтөргөнү мага түшүнүксуз болууда жатат. Мындан сырткары, күч тузүмдөрү так, ачык маалымат бербей жалтактап жатат. Акыркы саясий кырдаалга байланыштуу депутаттар маселе көтөрүп, күч органдарга беребиз ал эми күч органдары барып эле жеке ишкерлерди катуу текшерүүгө алып, кыйнап жатат», -деди Тиллаев.

Количество просмотров: 821