АКШда болгон башаламандыктарда жабыркагандардын, каза болгондордун жана кармалгандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Министрлик аталган окуялардан каза болгон, жабыркаган же кармалган Кыргызстандын жарандары тууралуу маалымат болсо, Кыргызстандын АКШдагы элчилигине [email protected] же [email protected] электрондук даректери аркылуу билдирүүнү суранат.
«Министрлик жана Кыргызстандын Вашингтон шаарындагы элчилиги АКШдагы абалга байкоо салып, анын аймагында болгон мекендештерди коопсуздук чараларын сактоого жана эл чогулган жерлердин алыс болууга чакырат», — деп айтылат маалыматта.