Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарында жүргөн кыргызстандыктарды мыйзамдарды так сактоого чакырат.
Ведомстводон маалымдашкандай, АКШнын миграциялык саясатындагы учурдагы өзгөрүүлөргө байланыштуу өлкөнүн расмий бийликтери чек арадагы мыйзамсыз иммиграцияны токтотуу жана өлкөдө мыйзамдуу негизи жок адамдарды аныктоо боюнча чараларды көрүүдө.
ТИМ АКШнын аймагында жүргөн же бул өлкөгө барууну пландаштырган Кыргызстандын жарандарына миграциялык мыйзамдардын жаңы жоболорун так сактоону жана өлкөдө жүрүү статусун тастыктаган бардык керектүү документтерди дайыма жанында алып жүрүүнү сунуштайт.
Министрлик АКШда жүрүү боюнча кошумча суроолор пайда болгон учурда төмөнкү номерлер аркылуу Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигине жана Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугуна кайрылууңуздарды өтүнөт:
Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилиги:
Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу: