• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ТИМ башчысы Россияда кармалган Мажитовдун укугун коргоо маселеси боюнча активисттер менен жолукту

28 Чын куран 2021 10:21 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 27-апрелде тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын укук коргоо органдарынын өтүнүчү менен Россия Федерациясынын аймагында кармалган КР жараны Э.Мажитовдун укугун коргоого чакырган жарандык уюмдардын лидер жана активисттери менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө конструктивдүү пикир алмашуу болуп, министр Р.Казакбаев чет өлкөлөрдөгү КР жарандарынын укугун жана кызыкчылыгын коргоо министрликтин жана чет өлкөлөрдөгү мекемелердин артыкчылыктуу милдети экендигин баса белгиледи.

Р.Казакбаев өлкөдө саясий стабилдүүлүктү сактоо жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктары үчүн аракеттерди консолидациялоо гана өлкөнүн жарандарынын социалдык-экономикалык бакубаттуулугун жакшыртууга багытталган реформаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берерин, Кыргызстанда демократиялык коомду курууда активдүү катышкан жарандык активдердин негизги ролун белгилеп кетти.

Министр Э.Мажитовго эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларга ылайык көрсөтүлүп жаткан консулдук-укуктук жардамдар тууралуу маалымат берди.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги тарабынан Россия Федерациясынын ТИМдин дарегине КРнын жаранына карата компетенттүү органдардын объективдүү, толук жана ар тараптуу каралышын өтүнгөн расмий кайрылуу жасалгандыгын белгиледи.

Ошондой эле, Р.Казакбаев жолугушуунун катышуучуларына Минск жана Кишинев конвенцияларынын негизинде кылмыш иштери боюнча эл аралык-укуктук кызматташуу боюнча өз ара аракеттерди ишке ашырууда КМШга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдары – Генералдык прокуратуралары тарабынан экстрадициялоо маселесин кароонун тартибин кеңири түшүндүрүп берди.

​Мындан тышкары, маектин жүрүшүндө чет өлкөлөрдөгү кыргыз эмгек мигранттарынын абалы тууралуу маселелер талкууланды.

Р.Казакбаев алардын укуктук статусун камсыздоо тармагындагы маселелерди жөнгө салуу боюнча министрликтин пландары тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун айрым катышуучулары чектеш өлкөлөр менен КРнын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери, ошондой эле чек арада болуп өткөн окуялар тууралуу пикирлерин билдиришти.

Өз кезегинде Р.Казакбаев чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жолугушуулар мындан ары да улантыларын, ал эми ар кандай талаш маселелер бул процесске тартылган тараптардын ортосунда дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу ишке ашырылышы керектигин белгиледи.

Булак: Кабар.

Количество просмотров: 76