• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ТИМ БУУга Кыргызстандын алыскы 1000 айылын колдоону сунуштады

22 Аяк оона 2021 11:44 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 21-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында уюмдун баш катчысынын орун басары Кортни Раттрей менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө Руслан Казакбаев Кыргызстан эл аралык аренада деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгүн жок тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын активдүү коргоп келээрин белгиледи. Буга байланыштуу министр Кыргызстандын алыскы 1000 айылын колдоо демилгесин көтөрүп, кыргыз тарап эл аралык коомчулуктун колдоосу менен аларды «өнүгүүнүн ордосуна» айлантууга ниеттенип жатканын айтты.

Руслан Казакбаев келечекте бул дүйнөдөгү тоолуу аймактарды колдоонун ийгиликтүү модели болуп калат деген ишенимин билдирди. Мындан тышкары ал Кыргызстан «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгын» демилгелеп жатканын, мындан улам БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында 2022-жылды Эл аралык тоолор жылы деп жарыялоо тууралуу резолюцияны сунуштоого ниеттенип жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде Кортни Раттрей Кыргызстанга тоолорду өнүктүрүү жана COVID-19 пандемиясын жеңүүгө жардам берүүгө, ошондой эле өз мандатынын алкагында Бишкек менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

Бүгүн, 21-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын жалпы дебаттарынын жогорку деңгээлдеги жумалыгы ачылууда. Бул иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров видео байланыш аркылуу катышат деп күтүлүүдө.

Количество просмотров: 298