• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ТИМ депутат Малиевдин айткандары боюнча жооп берди

30 Үчтүн айы 20259:30 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ЖК жыйынында Кыргызстандын Германиядагы элчилигин виза боюнча коррупцияга айыптап, ишин текшерүүнү сунуштаган депутат Арсланбек Малиевдин айткандары боюнча билдирүү таратты.

«Аталган жарандар Кыргыз Республикасынын визасын алуу үчүн Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилик аркылуу эмес, “Электрондук виза” порталы аркылуу кайрылышкан. Чындыгында, депутат А.К. Малиевдин визалык процесске көмөк көрсөтүү өтүнүчүнө жооп катары Министрлик эл өкүлунө электрондук виза алуу тартиби, анын баасы жана чет өлкөлүк жарандардын арыздарын кароо мөөнөтү боюнча түшүндүрмө берген. Ошону менен бирге, Министрлик жогорудагы жарандар “Электрондук виза” порталы аркылуу виза алуу өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылышканын жана бардык кайрылуулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында каралгандыгын белгилейт», — деп жазылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 393