• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

ТИМ: Дубайдан 180 кыргызстандык келди

3 Бугу 2020 15:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-майда БАЭ тарап менен мурдагы макулдашууну ишке ашыруунун алкагында «Дубай-Бишкек» каттамы боюнча Бишкекке 180 кыргызстандык учуп келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, коопсуздукту сактоо үчүн бардык жүргүнчүлөр аэропорттун перронунда тейленип, обсервацияга жөнөтүлгөн.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 26-апрелинен бери Бириккен Араб Эмирлигинен 178 кыргызстандык кайтарылган. Мурда маалымдалгандай, 2020-жылдын 10-майында БАЭден КР жарандарын чыгарып кетүү боюнча алдын ала Эмират тарабы менен макулдашуу жүргөн.

Количество просмотров: 235