• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ТИМ Казакстанда кулаган учактагы кыргыз жарандары боюнча маалымат берди

25 Бештин айы 202416:35 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Казакстандын тиешелүү органдарынан алынган маалыматтардын негизинде билдирүү таратып, Мангыстау облусунда кулаган учактагы үч кыргыз жаранынын экөөнүн дени сак экенин маалымдады. Ал эми үчүнчү жаран боюнча маалымат такталып жатат.

Маалыматка ылайык, учакта 67 адам болгон, анын ичинде Азербайжандын жарандарынан тышкары Россиянын, Казакстандын, Тажикстандын жарандары жана Кыргызстандын үч жараны болгон.

«Учурда Республикалык штаб түзүлдү, анын курамына Казакстан Республикасынын бардык ыйгарым укуктуу органдары кирди. Кыргыз Республикасынын Казакстандагы Элчилиги кыргыз жарандары тууралуу расмий маалыматтарды алуу максатында Казакстан Республикасынын компетенттүү органдары менен байланышты кармап турат», — деп жазылат маалыматта.

Азербайжандын борбору Бакудан Чеченстандын баш калаасы Грозный шаарына бараткан учак 25-декабрда Казакстандын Мангыстау облусунун Актау шаарына жакын жерде кулап түштү.

Количество просмотров: 193